Журналдын максаттары

    «ЖАГУнун Жарчысы» илимий мезгилдүү басылма болуп саналат жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, илимий      жыйынтыктарды жайылтууга багытталган.                        

   Журналдын негизги максаттары:

  • фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоо;
  • университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • улуттук жана эл аралык илимий мейкиндикке интеграциялоо;
  • жаш окумуштууларды, аспиранттарды жана изилдөөчүлөрдү колдоо;
  • илимий публикациялардын сапатын жогорулатуу жана академиялык маданиятты өнүктүрүү.

       Ишмердүүлүк чөйрөсү

    Журнал төмөнкү багыттар боюнча илимий макалаларды, серептерди жана материалдарды жарыялайт:

  • социалдык-гуманитардык илимдер;
  • табигый илимдер;
  • педагогика жана билим берүү;
  • экономика жана башкаруу;
  • техникалык жана маалыматтык технологиялар;
  • заманбап илимдин башка актуалдуу багыттары.